04.07.2018 12:52

Жогорку Сот төрайымы Айнаш Токбаева журналисттер менен жолугуп, суроолоруна жооп берди

Жогорку Сот ар бир айдын экисинде журналисттер менен жолугуу салтын улантууда. Экинчи көрушүү баарлашуу форматында өтүп, мекеменин төрайымы Айнаш Токбаева кесиптештерибизди сот тутумундагы реформанын жүрүшү, аткарылган иштердин жыйынтыктары, болуп жаткан жаңылыктар менен тааныштырды.