Жогорку соттун судьясы Галина Үмөталиеванын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку соттун судьясы Галина Үмөталиеванын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку соттун судьясы Галина Үмөталиеванын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Парламент Президенттин Жогорку соттун судьясы Галина Үмөталиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунушун жактырды.

Президенттин Жогорку Кеӊештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин айтымында,  Галина Үмөталиева кызматынан ден-соолугуна байланыштуу бошоп жатат.