10.01.2020 14:51

Журналист Болот Темировго кол салуу журналисттик кесибине байланыштуубу? Себептери

Журналист Болот Темировго кол салуу журналисттик кесибине байланыштуубу? Себептери

FactCheck.KG порталынын башкы редактору жана журналист Болот Темиров ага кол салууну кесиптик кызматына байланыштырат. Мындай пикирине ал бир нече жүйөө келтирген.

Өзүнүн Facebook-баракчасы аркылуу билдирүү таратып, телефон уурдоо фактысы боюнча иш козголгонун жазган.

 «Райондук ички иштер бөлүмүндө эмнеге кол салууну журналисттик кесибим менен байланыштырып жатканымды сурашты. Аларга төмөндөгүчө жооп бердим:

  1. Белгисиз адамдар кол салганга бир күн калганда кошуналардан FactCheck.KGнин офиси кайда деп издеп тапканга аракет кылышкан;
  2. Уурулук кылыш үчүн адам баласы эртең мененки саат 9дан түшкү 12:40ка чейин кезерип күтпөйт (эгер бир гана менин телефонумду тартып алгылары келишпесе);
  3. Унчукпай сабашты, тагыраагы “чөнтөгүн аңтар” же “болду, телефонун алдым, качтык” деген сымал сөздөрдү сүйлөшкөн жок;
  4. Жанымда ноутбук дагы бар болчу, бирок ага тийишкен жок. Баалуу буюмдар аларды кызыктырган жок.

Эске салсак, күн мурун, 9-январда борбордун чок ортосунда Factcheck.kg порталынын башкы редактору, журналист Болот Темировго кол салуу болгон. Телефондон башка баалуу буюмдарына тийишкен эмес. Журналисттин баамында кол салуунун негизги максаты – аны коркутуп коюуу болгон.