12.08.2019 13:51

Журналист жана жарандык активист Мирбек Айтикеев камакка алынды

Журналист жана жарандык активист Мирбек Айтикеев камакка алынды

Журналист, жарандык активист жана КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев кармалды. Бул туурасында анын жакындары билдиришти.

Маалыматка караганда, Айтикеев 10-октябрга чейин камакта болот. Кайсы иш боюнча, кандай макамда өтүп жатканы азырынча белгисиз.

Эскерте кетсек, УКМК 7-8 август күндөрү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө чабуул уюштурган. "Альфа" атайын кызматынын жоокерлеринин аткан огунан бир топ жөнөкөй жарандар жабыркаган. Тополоңду токтотуу максатында 8-августта Алмазбек Атамбаев өз эрки менен колго түшүп берген. Ошол эле күнү экс-президентти УКМКга жеткиришип, тергөө аяктагыча 26-августка чейин камакта калтырышкан.

8-августта президенттин мурунку кеңешчиси Фарид Ниязов дагы ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына жеткирилип, 8- октябрга чейин СИЗО-1ге киргизилди.

Аны менен катар экс-президенттин бир катар тарапташтары - Алга Кылычев, Кыяз Смайлов, Амантур Жамгырчиевдер 8-октябрга чейин камалышты. Алар "Кой-Таштагы операция учурунда жоокерлерди барымтага алуу" фактысы менен ачылган иш боюнча айыпталышууда.