09.01.2020 17:17

Журналистке кол салгандарды ыкчам издөө иштери башталды

Журналистке кол салгандарды ыкчам издөө иштери башталды

Биринчи май РИИБнын кызматкерлери Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салгандарды издөөгө киришти. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Окуя болгон жерде ыкчам топ иштеп жатат. Бирок азырынча факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттала элек.

Жабыркаган журналистти соттук-медициналык экспертизага жөнөтүштү.

Эске салсак, бүгүн, 9-январда түшкө маал чуулгандуу иликтөөлөрү менен таанымал Болот Темиров аттуу журналистке кол салуу болгон. Ал Кыргызстанда коррупциялык жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрү менен белгилүү «FactCheck» порталынын редактору.

Кол салгандар журналистке бир нече сокку уруп, телефонун тартып алышкан. Өз кезегинде Темиров бул окуяны өзүнүн кесиби менен байланыштырууда.