02.10.2018 10:16

Жөө жүргүнчүлөрдү сактайм деп өзү жабыркаган инспектордун дарылануусуна өкмөт акча бөлөт

Жөө жүргүнчүлөрдү сактайм деп өзү жабыркаган инспектордун дарылануусуна өкмөт акча бөлөт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору Марат Султаналиевге дарыланууга материалдык жардам көрсөтүүнү буйруду. Бул туурасында өкмөт аппаратынан билдиришти. 

Мындан тышкары, Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине  Бишкек шаарында  2018-жылдын 1-октябрында орун алган инспекторду унаа менен коюп кеткен кырсыкты тыкыр жана обьективдүү иликтеп чыгуу тапшырмасын берди.

Эске сала кетсек,  кечээ,1-октябрда болжол менен 9.00дө Чүй проспектисинде нөөмөттө турган инспектор, милициянын старшинасы  Марат Султаналиев катуу ылдамдыкта келе жаткан «Мерседес» үлгүсүндөгү кичи автобусту көргөн.

Бул учурда мектеп окуучулары жөө жүргүнчүлөр өтчү жолдон өтүп баратышкан. Старшина Султаналиев балдарды коопсуздандыруу максатында жолдун ортосуна чуркап чыга калган.

Бирок, өзү унаанын соккусуна кабылып, 10 метр ары учуп кеткен. Жерине тез жардам чакыртылып, жабырлануучу  Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтуна жеткирилген.   


фото Sputnik Кыргызстан