10.01.2020 10:40

Үй-бүлөлүк зомбулук: аял күйүп жатканда тегеректеги эл карап турган

Үй-бүлөлүк зомбулук: аял күйүп жатканда тегеректеги эл карап турган

Жарандык никедеги күйөөсү өрт койгон аялдын абалы туруктуу. Бул тууралуу 24.kg агенттиги Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасына таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, жабырлануучунун бети, эки колу, саны жана курсагы күйгөн.

«Аялдын денесинин 5-6 пайызы күйүк алган. Учурда бейтап керектүү дарылануудан өтүүдө. Аны туугандары зыярат кылып, ал-абалын сурап жатат», — деп билдиришкен редакцияга.

Белгилей кетсек, журналисттерге жабырлануучу Сатина жарандык никедеги күйөөсү мындай кадамга кызганычтын айынан барганын айткан.

«Мен күйүп жатканда, эл жөн гана мени карап турушту», — дейт Сатина.

Эске салсак, Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында жубайына бензин чачып, өрттөп жиберүүгө шектүү делип анын жарандык никедеги жолдошу кармалып, эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.