Өлкөдө 10-12-апрель күндөрү үшүк жүрөт
10-11-апрелде түнкүсүн туруксуз аба ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Абанын күндүзгү температурасы абдан төмөндөшү күтулөт: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы төмөндөп 9…14°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 12…17°, Ысык-Көл жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 7…12°, тоолуу райондордо 5…10° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт.
10-12 апрелде түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү алманын эрте бышуучу сортторунун ачылган бүчүрлөрүнө, өрүк жана алчанын ачылган гүлдөрүнө коркунучтуу.
Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 72-74 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
10-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарындагы дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт, тоолу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: