20.09.2018 18:16

Өкмөт башчы ишкерлерден каражат чогулткандарды катуу жазалай турганын эскертти

Өкмөт башчы ишкерлерден каражат чогулткандарды катуу жазалай турганын эскертти

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-сентябрда, өлкөнүн укук коргоо орган жетекчилеринин катышуусунда өткөн жумушчу кеңешмеде ар-кыл майрамдык жана юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө ишкерлерден каражат чогултууга жол берилбестиги тууралуу катуу көрсөтмө берди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. 

«Жакынкы арада Жалал-Абад облусунун ИИБ атынан бизнес өкүлдөрүнө Кылмыш иликтөө кызматынын 100 жылдык юбилейин өткөрүүгө карата финансылык көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен каттардын жиберилиши боюнча орун алган факты – бул ички иштер органдарынын жалпы тутумуна көлөкө түшүргөн жол берилгис окуя. Мындай  сырттан караганда жакшы максатка шылтоолонгон опузалоочу өзүм билемдиктерге тыюу салынып, катуу жазаланат. Мындан ары бул сыяктуу фактыларга жол берилбөөгө тийиш», – деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигине бул факты боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү жана күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууну тапшырды.