16.07.2018 17:59

Өкмөт башчы Тбилиси шаарына учуп келди

Өкмөт башчы Тбилиси шаарына учуп келди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-июлда, Тбилиси шаарына (Грузия Республикасы) «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин 5-Саммитине катышуу үчүн келди. Тбилиси эл аралык аэропортунда Ардактуу караул тизилип, Өкмөт башчыны Грузия Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Георгий Шарвашидзе тосуп алды.Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

Сапардын алкагында Премьер-министр ошондой эле бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрүп, Грузиянын мамлекеттик башкаруу тутумун, салык, бажы тармактарын реформалоо боюнча жана башка тажрыйбалары менен таанышат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери кирген.