25.10.2018 15:49

Өкмөт бизнес-омбудсмен кызматын киргизүү маселесин иштеп чыгууда

Өкмөт бизнес-омбудсмен кызматын киргизүү маселесин иштеп чыгууда

Өкмөт «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасын ишке ашыруу алкагында ишкерлердин укугун, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу жакты (бизнес-омбудсмен) түзүү маселеси иштелип чыгууда. Бул туурасында Өкмөт Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаровдун бизнес-омбудсмен институтун түзүү зарылдыгы тууралуу сунушуна жооп катары билдирди. 

Маалыматка караганда, өкмөттүн бул жааттагы токтом долбоору иштелип чыккан жана коомдук талкуудан өткөрүлүүдө.

Бизнес-омбудсмен институтун түзүү максаты катары ишкерлердин укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоого алуунун кепилдигин жана алардын мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мекемелер жана мамлекеттик ишканалар жана кызматтык жактар тарабынан сакталышын камсыздоо болуп саналат.

Белгилесек, бир катар мамлекеттерде финансы омбудсмени, салык омбудсмени жана бизнес-омбудсмен сыяктуу институттар бар. Чет элдик тажрыйбаларды жана эксперттик пикирлерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынын шартында бизнес-омбудсмен институтун түзүүгө карай бирдиктүү макулдашылган жана алгалыктуу кадам иштелип чыккан.

Бизнес-омбудсмен ага жүктөлгөн ыйгарым укуктар жана милдеттерге ылайык, ишкер субьектилердин мыйзамдуу кызыкчылыктарынын, жана/же башка укуктук бузуулардын, жана/же коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин айкындуулугун камсыздоого көмөктөшөт.

Болжолдонгондой, бизнес-омбудсменге караштуу Катчылык, ошондой эле Байкоочу кеңеш түзүлөт.