24.10.2018 12:51

Өкмөт бош турган эки министрлик орунга талапкерлерди сунуштады

Өкмөт бош турган эки министрлик орунга талапкерлерди сунуштады

Өкмөт Социалдык өнүктүрүү жана Маданият министрликтеринин башчылыгына көрсөтүлчү талапкерди тандады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Мухаммедкалый Абылгазиев эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин көрсөттү. Ал эми, Маданият жана маалымат министрлигине учурдагы Туризм департаментинин азыркы жетекчиси Азамат Жаманкулов сунушталды.