14.09.2018 10:37

Өкмөт ветеринардык жана фитосанитардык инспекция жоюулаары тууралуу депутаттын сөзүн четке какты

Өкмөт ветеринардык жана фитосанитардык инспекция жоюулаары  тууралуу депутаттын сөзүн четке какты

Өкмөт Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясын жоюуну пландаган жок. Болгону Өсүмдүктөрдүн карантини  департаменти  түзүлүп жатканына байланыштуу экспорттук потенциалды жакшыртуу жана мамлекеттик органдардын ишмердигинде функциялардын  кайталанышын четтетүү максаттарында фитосанитардык көзөмөлдөө милдетин аткарууну бир мамлекеттик органга өткөрүп берүү каралууда.

Бул туурасында Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  Аппараты Жогорку Кеңеш депутаты  Зиядин  Жамалдиновдун Ветеринардык жана  фитосанитардык  коопсуздук мамлекеттик  инспекциясы жоюулары тууралуу  билдирүүсүнө  жооп катары билдирди.   

Айыл чарба, тамак-аш өнөр  жайы жана  мелиорация министрлиги «Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  өсүмдүктөрдүн карантини  чөйрөсүндөгү  айрым чечимдерине  өзгөртүүлөрдү киргизүү  жөнүндө» токтомунун долбоорун даярдап,  белгиленген  тартипте  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна сунуштаган.

Көрсөтүлгөн токтом долбоорунда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын фитосанитардык коопсуздук боюнча функциялары менен кошо аталган функцияларды аткарган 39 штаттык бирдигин Айыл чарба, тамак-аш өнөр  жайы жана  мелиорация  министрлигине  өткөрүп берүү сунушталууда.

Аны менен бирге белгилей кетүүчү жагдай,  Ветеринардык жана фитосанитардык  коопсуздук боюнча  мамлекеттик инспекциясы ветеринардык коопсуздукту сактоону камсыздаган 1041 штаттык бирдигин  сактап калат.

Эскерте кетсек, ЕАЭБке мүчө  мамлекеттердин  бардыгында  фитосанитардык  коопсуздукту  сактоо функциялары алардын Айыл чарба министрликтерине жүктөлгөн.

Ошентип, өкмөт Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясын жоюуну пландаган жок.