22.08.2018 17:51

Өлкө башчы мамлекеттик сапар менен Түркмөнстанга барат

Өлкө башчы  мамлекеттик сапар менен Түркмөнстанга барат

Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 23-24-августунда Түркмөнстан Президентинин чакыруусу боюнча Түркмөнстанга мамлекеттик визит менен барат, ошондой эле Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков бүгүн, 22-августта брифингде билдирди.

Визиттин жүрүшүндө Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен тар жана кеңири курамда расмий жолугушууларды өткөрүү мерчемделүүдө.

Жолугушууларда Кыргызстан менен Түркмөнстан ортосундагы кызматташтыктын орчундуу маселелери, ошондой эле бардык багыттар боюнча өз ара аракеттенишүүнү мындан ары күчөтүүнүн келечеги талкууланат. «Биз өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты күчөтүүгө жогору маани беребиз. Түркмөнстан менен ар тараптуу мамилелерди бекемдөө жана мындан ары карай күчөтүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы башкы жана узак мөөнөттүү артыкчылыктардын бири болуп саналат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы.

Визиттин алкагында бир катар маанилүү документтерге кол коюлат, атап айтканда, Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстан ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу Декларация башкы саясий документ болуп калат. Бул документке кол коюу, Данияр Сыдыковдун айтымында, эки тараптуу мамилелердеги тарыхый окуя болуп калат жана Кыргызстан менен Түркмөнстан достугунун жана кызматташтыгынын тарыхындагы жаңы баракты ачат.

24-августта Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында Аралды сактоо эл аралык фондунун уюштуруучулары болгон мамлекеттердин башчыларынын Саммитине ардактуу конок катары катышат. 

Түркмөнстанда Жээнбеков Аралды сактоо