04.05.2018 11:11

Өлкө башчы Тоң районундагы магистралдык каналдын курулушу менен таанышты

Өлкө башчы Тоң районундагы  магистралдык каналдын  курулушу менен таанышты

Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунда «Кыргыз Республикасынын ирригация системасын реконструкциялоо» долбоорунун тушоосун кести. Иш-чара президенттин аймакка болгон сапарынын алкагында өттү. Бул тууралуу президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Аталган долбоорду  ишке ашыруу максатында 6 суу чарба объектилерин куруу үчүн Кытай Эл Республикасы грант катары 32 млн АКШ долларын бөлгөн. 

Долбоордун алкагында Ысык-Көл, Баткен, Талас жана Чүй облустарында суу чарба объектилерин  куруу жана реконструкциялоо каралган.

Алар эксплуатацияга киргизилгенден кийин 5 миң 410 гектар  өздөштүрүлө элек жерге суу жеткирилип,  22 миң 100 гектар жерди суу менен камсыз кылуу жакшыртылат.

Долбоорду ишке ашыруу жалпысынан республика боюнча 40 миң айыл жашоочусун жумуш менен камсыздайт.

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Өлөң каналынын реконструкциялоо долбоору 2017-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын ирригация системасын өнүктүрүү программасынын суу чарба объекттеринин тизмесине кирген.

Мамлекет башчысы Тоң районундагы Ак-Өлөң каналын реконструкциялоо долбоорунун алкагындагы башкы суу алуучу курулма, 16,5 км магистралдык канал жана 11,2 км ички чарбалык каналдардын курулушу менен таанышты.

“Башкы суу алуучу курулманы жана Ак-Өлөң магистралдык каналды реконструкциялоо” долбоорунун курулушунун жыйынтыгында 516 гектар дың жер өздөштүрүлүп, 3565 гектар жерди суу менен камсыз кылуу жакшыртылат.

Жалпы наркы 500 млн сомго жакын долбоорду 2021-жылга чейин бүтүрүү болжолдонууда.