29.08.2018 10:45

Өлкөнүн экс-президенттери Эгемендүүлүк күнүндө өтчү майрамдык иш-чарага чакырылды

Өлкөнүн экс-президенттери Эгемендүүлүк күнүндө өтчү майрамдык иш-чарага чакырылды

31-августта Президент Сооронбай Жээнбеков, борбордук «Ала-Тоо» аянтында өтө турган Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чарага катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына байланыштуу куттуктоо сөз сүйлөйт. Иш чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, эл өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылат.

Ошондой эле иш чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тылдын эмгекчилери, эмгек баатырлары, Олимпиада оюндарынын медаль ээлери, парламенттин, өкмөттүн, сот бийлигинин мурдагы жетекчилери, өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук белгилүү ишмерлери катышмакчы.