18.02.2020 13:23

ӨКМ: Кара-Кулжада мектеп толугу менен күйүп кетти

ӨКМ: Кара-Кулжада мектеп толугу менен күйүп кетти

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Коо-Чаты айылында Сагындык атындагы орто мектептен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт күн мурун, 17-февралда кечинде, балдар мектепте жок кезде чыккан.

Тилсиз жоо болжол менен 500 чарчы метр аянтты жалмаган. 

Айрым маалыматтарга караганда, айыл эли колуна чака-челек алып, өрттү өчүрүүгө жана  имараттан компьютерлерди алып чыгууга аракет кылышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, мектеп толугу менен күйүп кеткен. Учурда себептери такталууда.