10.01.2020 12:51

ӨКМ: «Кумтөрдүн» дайынсыз жоголгон эки кызматкерин издөө иштери токтотулду

ӨКМ: «Кумтөрдүн» дайынсыз жоголгон эки кызматкерин издөө иштери токтотулду

“Кумтөр” кенинде дайынсыз жоголгон эки кызматкерди издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу ӨКМге таянып 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.

Ведомствонун маалыматына караганда, күн мурун, 9-январьда дайынсыз жоголгон кишилердин жакындары менен биргеликте издөө иштерин токтотуу чечимине келишкен. Сүйлөшүүлөргө аталган компаниянын жооптуу адамдары катышышкан.

Ошол эле маалда ӨКМ жоголгон кызматкерлерди тынымсыз издешкендерин белгилешкен. Мурдараак куткаруучулар “Кумтөр” кенинин жоголгон кызматкерлери тепкен автоунааны табышкан.

Эске салсак, 1-декабрда таңкы саат 5:43 чамасында «Кумтөрдүн» эки кызматкери - бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезметчиси жоголгон. Баштапкы маалымат боюнча, кызматкерлер Кумтөрдөгү жер көчкүнүн кесепетинен жабыр тартышы мүмкүн.

Кумтөр — Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Расмий маалымат боюнча, Кумтөр алтын кенинде 4 миңге жакын адам иштейт. Алардын ичинен 2678 кызматкер тоо-кен ишканасы менен түз келишим түзүп иштесе, 1092 адам ортомчу ишканалар аркылуу жумушка орношкон. «Кумтөрдө» иштегендердин баары вахталык тартип менен, башкача айтканда 10-15 күндүк нөөмөт менен иштешет.