05.12.2019 18:36

ӨКМ: Кумтөрдө жоголгон кызматкерлерди издөө уланууда

ӨКМ: Кумтөрдө жоголгон кызматкерлерди издөө уланууда

Кумтөр алтын кенинде жоголгон эки жумушчу табыла элек. Издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз өкүлү Элмира Шерипова билдирет.

Кендеги көчкү жумушчулар иштеп жаткан учурда жүргөн. Жумушчулардын экөө – тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков жана бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушев дайынсыз болуп жатат.

"Жалпысынан 94 куткаруучу иштеп жатат. Алардын арасында кинологдор жана альпинисттер бар. Мындан тышкары 35 даана оор техника тартылган. Азыркы учурда окуя болгон жерде радиациялык фон нормадан ашпайт – саатына 21-28 мкр.", - деп билдирет Элмира Шерипова

Эске салсак, Кумтөр кениндеги кырсык  1-декабрда орун алган. Лысый өрөөнүндөгү жер катмары көчүп түшкөн.

Көчкөн жер катмарынын көлөмүнүн узуну 450 метр, туурасы 570 метр жана бийиктиги 50 метр, жалпы көлөмү 12 млн. 825 миң куб метр.