12.02.2020 12:05

Өкмөттүн кадр саясаты: вице-премьерликке А. Мадумаровдун талапкерлигин көпчүлүк коалиция колдоду

Өкмөттүн кадр саясаты: вице-премьерликке А. Мадумаровдун талапкерлигин көпчүлүк коалиция колдоду

Бүгүн, 12-февралда Парламенттеги коалициялык көпчүлүк вице-премьер-министрлик кызматка Акрам Мадумаровдун талапкерлигин колдоду. Тиешелүү чечимди Жогорку кеңештин тармактык комитетине жолдоду.

Белгилей кетсек, Акрам Мадумаровдун талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү көрсөткөн.

Эми жаңы талапкер жалпы жыйындын сынан качан өткөрүлөт азырынча белгисиз.

Акрам Мадумаров өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп жаткан. Ал бул кызматка 2019-жылдын апрель айында дайындалган. Ага чейин Мамлекеттик кадр кызматын жетектеген.