11.02.2020 09:00

Өкмөттүн кадр саясаты: Жеңиш Разаков кызматынан алынды

Өкмөттүн кадр саясаты: Жеңиш Разаков кызматынан алынды

Бүгүн, 11-январда Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өз арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жардыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгону жөнүндө президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Жеңиш Разаковдун ишмердигине карата коомчулукта жана парламентте кескин сындар айтылып келаткан.

Эске салсак, мурунку аптада парламентарийлер өкмөттүн кадр саясатын катуу сынга алышып, депутаттардын бири Рыскелди Момбеков Жеңиш Разаковду “куратор эмес, кууратар” деп атаган.

Ал вице-премьер-министрлик кызматка 2018-жылы дайындалган.

Бир жума мурда экономика тармагын тейлеген дагы бир вице-премьер-министр Замирбек Аскаров кызматтан алынып, ордуна Эркин Асрандиев дайындалган. Ал буга чейин кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жетектеп турган.