05.02.2020 13:10

Өкмөттүн кадр саясаты: Жеңиш Разаковду куратор эмес, кууратар деп аташты

Өкмөттүн кадр саясаты: Жеңиш Разаковду куратор эмес, кууратар деп аташты

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтүүдө. Көңүл чордонундагы маселе – өкмөттүн кадр саясаты. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө кырдаалдар министринин кызматына Замирбек Аскаровдун, ал эми вице-премьер-министрликке Эркин Асрандиевдин талапкерлигин көрсөтүп, Жеңиш Разаковду чек ара тармагына бөлгөн.

«Азыр чек ара жана ЕАЭБ маселелери абдан курч турат. Ошондон улам чек ара боюнча бардык маселелер Жеңиш Разаковго, ал эми экономикалык, анын ичинде ЕАЭБ боюнча маселелер Эркин Асрандиевге жүктөлөт. Кыргызстан бийик тоолуу жана сейсмикалык жактан кооптуу аймакта жайгашкандыктан өзгөчө кырдаалдар жаатында да чечиле турган маселелер арбын. Ал жерге да уюштуруу-чарбачылык тажрыйбасы бар Замирбек Аскаровдун талапкерлиги көрсөтүлүп жатат», - деди Абылгазиев.

Бирок, өкмөттүн курамын сынга алгандар көп болду. Алсак, Рыскелди Момбеков Жеңиш Разаков министрлер кабинетинин эң алсыз мүчөсү экенин белгиледи.

«Сиз аны ЕАЭБ боюнча куратор кылып дайындагансыз, бирок, ал кууратар болду. Ал Баткенде чек аранын эки метр жерин да чечкен жок. ЕАЭБтеги эки маселени дагы оңунан чыгара алган жок. Анан ошол эки метрди чече албаган кишини Баткендин көйгөйүн чечсин деп жатасыз. Аны Баткенге байлап койсоңор да эч нерсе кыла албайт. Иш билбейт дагы эми митинг, сот менен коркутуп жатат», — дейт Рыскелди Момбеков.