23.01.2020 09:03

Өкмөттө кадр саясаты катуу жүрүп жатат. Бир күндүн ичинде бир нече аткаминер алмашты

Өкмөттө кадр саясаты катуу жүрүп жатат. Бир күндүн ичинде бир нече аткаминер алмашты

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев өзүнүн жазган арызына ылайык кызматтан алынды. Мындай жарлыкка премьер-министр Мухаметкалый Абылгазиев кол койду.

Көп өтпөй, Өзгөчө кырдаалдар министринин кызматынан Нурболот Мирзахмедов бошотулган. Себеп өзү арыз берген. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Бирок, Нурболот Мирзахмедов дароо эле өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Облусту 2016-жылдын октябрь айынан бери жетектеп келген Кыянбек Сатыбалдиев жазган арызына ылайык кызматтан 22-январда алынды.