26.12.2019 09:24

Өмүрбек Текебаев: Сооронбай Жээнбеков баш мыйзамды бузуп жатат

Өмүрбек Текебаев: Сооронбай Жээнбеков баш мыйзамды бузуп жатат

Өмүрбек Текебаев президент Сооронбай Жээнбековду баш мыйзамды бузбоого чакырды. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынын лидери "Азаттык" радиосу менен ой бөлүшүп жатып билдирди.

Эске салсак, күн мурун, 25-декабрда Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөргөн. Басма сөз жыйынын соңунда Өмурбек Текебаев өз пикири менен бөлүшүп, президент өкмөт башчынын ыйгарым укутарын алып алды деп сындады.

"Бул президенттин сөзү эмес, премьер-министрдин сөзү. Премьер-министр кылган иштерди мен кылдым деп айтып берди. Эртең премьер-министр парламентке келип ушул сөздү кайталайт. Президент мен кылдым дегенден кийин өкмөт начар иштесе дагы парламент колдоп берет. Биз конституциядан сырт жашап жатабыз. Конституция иштеген жок. Премьер-министрдин ыйгарым укуктарын көз көрүнө тартынбай, элден жашырбай президент өзүнө алып койгон. Муну узурпация деп коет. Бийликти коркутуу, алдоо жана башка жолдор менен бийликке тиешеси жок адамдар ээлеп алат. Конституциядан сырткары башкаруучу механизмдер болот", - дейт Өмүрбек Текебаев.

Азырынча президенттин аппараты Текебаевдин айткандарына жооп бере элек.

Мамлекет башчынын 2019-жылды жыйынтыктаган басма сөз жыйыны "Ала-Арча" резиденциясында өттү. Ага 90дон ашуун медиадан 188 кабарчы катышты. Бирок бир топ журналисттер суроо узатууга жетишпей калды.

Президент сот реформасы, коррупция, социалдык маселелер жана башка багыттагы суроолорго үч саат аралыгында жооп берди.