15.11.2019 21:51

«Өнүккөн Кыргызстан үчүн!» Сеид Атамбаев кыргызстандыктарды командасына чакырды

«Өнүккөн Кыргызстан үчүн!» Сеид Атамбаев кыргызстандыктарды командасына чакырды

Экс-президенттин уулу Сеид Атамбаев кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Ал өнүккөн Кыргызстан үчүн командасына кошулууга чакырды.

Атамбаевдин карылуусун келтиребиз:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздер менен эркин баарлашып, өз жеримде кенен жүргөнүгөмө, ар бир адамдын көзүн кароодон уялбай жүргөнүмө кубанам жана сыймыктанам. Мен биринчи кезекте элдин уулумун.

Акыркы убактарда менин жашоомдо көп нерсе өзгөрдү. Бул бурулуш күнгө чейин атам дайыма мамлекеттик жана коомдук иштерге аралашууга тыюу салып келген. Болбосо, эки жогорку билимим бар жана өзүмдүн жашоомду өзүм түптөдүм. Заводдо жөнөкөй устадан баштап, өзүмдүн командам менен бүгүнкү күндөгү 15 адискөй кызматкерлерден турган компания түздүк. Бул мен үчүн чоң бакыт.

Менин көптөгөн кызыккан нерселерим жана ышкыларым бар. Кыргызстандын келечеги тууралуу дагы ойлорум бар. Мамлекеттик суроолорго аралашмак турсун, ошол ойлорумду айтчу эмесмин. Бул биринчи кезекте өлкө тарыхындагы мурдагы жана, тилекке каршы ,азыркы бийликтин тажрыйбасы үчүн. 2004-жылдан 2010-жылга чейин мен КСДПнын эң активдүү мүчөлөрүнөн болчумун. Бирок 2010-2015-жылдардагы шайлоолор алдында депутаттыкка талапкерлер тизмесин түзүүдө көңүлүм калып, саясаттан кеттим. Ошол кезде эле атам эл үчүн иштөөдө ошолордун баарына каршы жалгыз калаарын божомолдогом. Эски саясатчыларды люстрациялабай койгон. Анткени ал айкөлдүк кылып, ар бир адам экинчи мүмкүнчүлүккө укуктуу деп эсептечү. Бирок адамдар өзгөрбөй турганын эске алган эмес.

Атам чыгаан мамлекеттик ишмер жана саясатчы деп эсептейм. Мекен үчүн ал кандай иштегенин мен билем. Анын ишине эл өзү баа берет. Бирок азыр эмес. Качан болуп жаткандардын баары бүткөндө. Мен бул жакка атамды коргоо үчүн катталган жокмун. Кыргызстандын келечегин кандай көрөм, ошолор менен бөлүшүп турууну чечтим. Мурда мындай кыла алчу эмесмин. Мурда президенттин уулу баары колдоп чыкмак. Азыр баардыгын ачык көрүп жатам.

Достор, мен өзүмдүн жашоо жолум, өндүрүштүн өнүктүрүү, үй бүлөм тууралуу жана өлкөбүздүн келечеги тууралуу ой бөлүшүп турам. Ошондой эле укук коргоо жаатын алып кетейин деген оюм бар. Ал тууралуу да бөлүшүп турам. Сүйүктүү Кыргызстандын биримдиги жана өнүгүшү үчүн коомдогу прогрессивдүү күчтөрдү бириктирип, жаңы платформа түзүп, биргеликте аракеттенебиз деп үмүттөнөм. Бардыгын биздин командага чакырам. Биз бирөөгө же бир нерсеге каршы болбой, өнүккөн Кыргызстан үчүн туура жолду табабыз».