20.01.2020 11:17

Өз жанын кыйгысы келген жаран сегизинчи кабаттан секирди

Өз жанын кыйгысы келген жаран сегизинчи кабаттан секирди

Бишкектин Свердлов районундагы Бөкөнбаев көчөсүндө көп кабаттуу үйдүн тургуну дүкөндүн чатырына кулап түштү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Кырсык күн мурун, 19-январда жүз берген. Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Маалыматка караганда, 1969-жылы туулган киши тирүү. Ал тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди. Окуя болгон жерде 5 куткаруучу иштеди. 

ЖМКлардын маалыматына караганда, орто жашка келип калган киши сегизинчи кабаттан секирип, өз жанын кыйгысы келген.