14.04.2020 13:13

Өзгөчө абал: Апрелдин аягына чейин узарат

Өзгөчө абал: Апрелдин аягына чейин узарат

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тиешелүү жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылууда.

Аталган Жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн жиберилет.

 Эске салсак, 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот. Ал эми күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Бүгүн, 14-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 430  кишиге жетти.