22.01.2020 13:51

Өзүн милиционер деп тааныштырып, жөнөкөй жарандардан акча өндүргөн адам кармалды

Өзүн милиционер деп тааныштырып, жөнөкөй жарандардан акча өндүргөн адам кармалды

Өзүн милиционер деп тааныштырып, жөнөкөй жарандардан акча өндүргөн адам кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 20-январда укук коргоо органдарына бир жаран арыз менен кайрылган. Айтымында, өзүн милициямын деп тааныштырган киши эгер бир аял менен жыныстык катнашка барбаса, анда кылмыш жоопкерчилигине тарта турганын айтып коркуткан. Алдамчы милиция андан 60 миң сом талап кылган.

Күн мурун, 21-январда Бишкектеги тамактануучу жайлардын биринен алдамчы 35 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалды. Анын жанынан «Коомдук көзөмөл» коомдук бирикмесинин күбөлүгү жана колго ташып жүрүүчү радиостанция табылды.

Тергөө аныктагандай кармалган жаран милиция кызматкери болгон эмес.

Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.