26.09.2019 22:04

Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы камакта калтырылды

Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы камакта калтырылды

Биринчи Май райондук соту Алмазбек Атамбаевдин мурунку жан сакчысын 8-октябрга чейин камакта калтырды. Бүгүн, 26-октябрда сот Канат Сагымбаевдин баш коргоо чарасын караган. 

Анын жактоочусу Замир Жоошев УКМКнын 9-кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаев төрт берене боюнча айыпталып жатканын билдирген. Тергөө иштери аяктагыча, ал Бишкектеги СИЗО-1 мекемесинде кармалып турмакчы.

Эскерте кетсек, 20-сентябрда УКМК Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкери Канат Сагымбаевди кызматынан бошотуп салганы белгилүү болгон. Экс-президенттин уулу Кадыр Атамбаев жана Сагымбаевдин жактоочусу Замир Жоошев анын кызматтан алынышына экс-президентти видео аркылуу туулган күнү менен куттуктаганы себеп болгонун жазып чыгышкан. УКМК башка себептер менен байланыштырган. 24-сентябрь күнү Аскер прокуратурасы Сагымбаевди 8 сааттай суракка алганы белгилүү болгон. Ошол эле түнү экс-президенттин мурунку жан сакчысы 48 саатка камакка алынган.