08.05.2020 10:18

Чүй облусттук милициясы Атамбаевдин уулдарынан жардам алган жокбуз деп билдирүү жасашты

Чүй облусттук милициясы Атамбаевдин уулдарынан жардам алган жокбуз деп билдирүү жасашты

Күн мурун, 7-майда КСДП партиясынын мүчөлөрү Бишкектин чет жакаларында орнотулган блокпосттордогу 200дөн ашык милиция кызматкерине, ошондой эле Кой-Таш, Арашан, Чоң-Таш, Воронцовка, Үч Эмчек, Тоолуу Маевка, Алмалуу, Норус, Тогуз-Булак, Беш-Күңгөй, Көк-Жар, Байтик жана башка айылдарынын тургундарынын саламаттыгын сактап жаткан ыктыярчыларга ысык тамак жана суусундуктарды жеткиришкен.

Мындан сырткары блокпосттордогу тартип коргоочуларына 1500 даана жеке коргонуу каражаттары тапшырышкан.

Акцияга КСДП партиясынын мүчөлөрү Сеид жана Кадыр Атамбаевдер, Темирлан Султанбеков жана башкалар катышкан эле.

Бирок Чүй облусттук ички иштер башкы башкармалыгы “Экс-президенттин балдары Аламүдүн районундагы посттордо турган 200дөн ашык милицияны тамак жана суусундук менен камсыз кылды” деген маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди.

Чүй облусттук ички иштер башкы башкармалыгы милиция кызматкерлери жеке коргонуучу каражаттар жана тамак-аш менен толук камсыз болгонун кабарлады. Милиция экс-президенттин балдары жеке коргонуучу каражаттарды жана ысык тамакты өз калоосу менен чыккан элдик кошуундун өкүлдөрүнө жана жергиликтүү тургундарга берилгенин белгиледи.