07.05.2019 16:36

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин арызы менен Юстиция министрлигине иш ачылды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин арызы менен Юстиция министрлигине иш ачылды

Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өлкөнүн Юстиция министрлигине карата доо арызын каттоого алды. Бул туурасында социалдык тармакта КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов жазып чыкты.  

«Жаңы кодекс боюнча реестрге катталды деген сөз мурдагыча кылмыш иши козголду дегенди түшүндүрөт. Юстиция министрлиги партиябыздын төрагасы деген жерге башка адамдын аты-жөнүн жазып койгону мыйзамсыз деп кайрылган болчубуз», -деди Турдукулов. 

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул тууралуу маалымат такталып жатканын билдирди.  

Эскерте кетсек, 17-апрелде Юстиция министрлигинин  юридикалык жактардын электрондук маалымат базасында «Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын» документине өзгөртүү киргизилип, «Жетекчинин аты-жөнү» деген жерге Алмазбек Атамбаевдин ордуна Сагынбек Абдрахманов жазылган.  Партиянын жайгашкан жеринин дареги да өзгөртүлгөн. 

Буга нааразы болгон КСДП өкүлдөрү мыйзамсыз кадамга барган Юстиция министрлигинин жетекчилерин жоопко тартууну талап кылып Башкы прокуратурага  кайрылуу  жолдошкон. 22-апрелде партия мүчөлөрү Юстиция министрлигинин имаратынын алдында «Адилетсиз министрлик»  аталышындагы  акция өткөрүшкөн.  Анын жүрүшүндө министрликтин имаратына кирип сүйлөшүп чыккан Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП өкүлү Асель Кодуранова 7 күндүн ичинде документтерди толуктап, кайра жиберүүгө макулдашканын билдирген эле.