17.02.2020 14:31

IRI уюмунун изилдөөсү: КСДП - өлкөдөгү эң белгилүү партия

IRI уюмунун изилдөөсү: КСДП - өлкөдөгү эң белгилүү партия

(IRI) эл аралык республикалык институту жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы – өлкөдөгү эң белгилүү партия деп эсептелет. Сурамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгү дал ушул партиянын атын аташкан.

Тагыраагы, КСДП үчүн жарандардын 62% добушун беришкен. Экинчи орунда «Республика» (58%), үчүнчүдө 54% добуш менен «Ата-Мекен» париясы турат.

Сурамжылоо Кыргызстанда 21-ноябрдан тартып, 2019-жылдын 3-декабрына чейин созулган. Аны үймө-үч кыдырып жүргүзүшкөн.  

Изилдөөгө шайлоого укугу бар 18 жаштан жогору болгон 1 483 адам катышкан.

Эске салсак, жарандар Кыргызстандын көйгөйлөрүн ким чечип бере алат деген суроого үч партияны көрсөтүшкөн. Арасында КСДП дагы бар. Кененирээк бул жактан окусаңыз болот.

Сурамдылоонун жыйынтыгы тууралуу кененирээк тиркеме аркылуу өтүп, окусаңыздар болот.

Толуктоо. IRI – бул коммерциялык эмес уюм. Анын максаты демакратияны куруу боюнча айрым өлкөлөргө жардам берүү.

Аталган уюм Кыргызстанда саясий, экономикалык, социалдык, эл аралык жана шайлоо маселелери боюнча коомдук пикирди байкоо үчүн байма-бай сурамжылоо жүргүзүп турат.  

Жыйынтыктарын жарыялаган соң, IRI уюму топтолгон маалыматты саясий партиялардын ишин илгерилетүү үчүн тренингдерди өткөрүп турат.