13.02.2020 14:10

Кой-Таш окуясы: Фархат Баабиев УКМКга «Мен жоопкерчиликтен качпайм!» деп жооп кайтарды

Кой-Таш окуясы: Фархат Баабиев УКМКга «Мен жоопкерчиликтен качпайм!» деп жооп кайтарды

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фархат Баабиев УКМКнын басма сөз кызматы таркаткан билдирүүгө жооп кайтарды. Буга чейин Фархат Баабиевдин билдирүүсүн «Апрель» телеканалы жарыялаган. Анда Баабиев УКМК кызматкерлери аны «алдап, коркутуп тасмага тартып, монтаждап Интернетке жарыялашканын» айтып чыккан. Бирок анын айткандарын улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы жалган деген билдирүү жасаган.

Фархат Бабаиевдин билдирүүсүн КСДП саясий партиясы жарыялады. Текстти толугу менен төмөндө окуй аласыз.

Фархат Баабиевдин УКМКга жообу: «Мен жоопкерчиликтен качпайм!»

      Мен, Баабиев Фахат Жекшенбекович, Кой-Таш окуясы боюнча №1 – тергөө абагында камакта отурам. Союз мезгилинде Кыргыз ССРинде ачылган бул мекемеде КГБ ар кандай кара мүртөз ыкмалар менен элдин нечен мыкты уулдарынын башын жутканын тарыхый фактылар жана далилдер тастыктап турат.

     Кийин Союз тарап, Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгону КГБ УКМК деп атын өзгөрткөнү менен заты, иш ыкмалары ошол бойдон калган. Буга бүгүнкү күндө өзүм туш болуп, УКМКнын чагымчыл, мыйзамсыз иш-аракеттеринен запкы тартып жатканым далил болуп жатат.

     Баса белгилей кетчү жагдай: Кой-Таш окуясы боюнча мени камакка алышкандан кийин, тактап айтканда, 2019-жылдын 13-августунда таңкы саат 6.00 чамасында кармалгандан кийин, менде кайсы бир маалыматтарды интернетке чыгарып, коомчулукка жарыя кылууга эч кандай мүмкүнчүлүк болгон эмес. Бирок буга карабай, УКМКнын кызматкери Сагынбек Самидин уулу мени УКМКнын имаратындагы иш бөлмөдөн видеого тартып, Аман аттуу жигит менен «оштуктарды кысыш керек» деген маанидеги аудио жазуу боюнча чагымчыл, мыйзамсыз иш-аракеттерди уюштурган. Мен жарандык укугумдан пайдаланып бул жөнүндө КРнын Аскер прокурору Набиев Нуркамал Бурхановичке арыз менен кайрылгам. Менин арызым боюнча УКМК коомчулукка мени жоопкерчиликтен качып жатат деген чындыкка таптакыр коошпогон билдирүү таратты.

     Эгерде мен жоопкерчиликтен кача турган адам болсом алардын сунушун кабыл алып, алар үйрөткөндөй, жалган да болсо көрсөтмө берип, тергөө менен келишим түзүп, эчак СИЗОдон чыгып кетмекмин. Буга толук мүмкүнчүлүгүм бар эле, бирок мен мындайга барган жокмун. Анткени өзүмдүн ак экенимди далилдегим келет.   

    УКМК айтып жаткан «жоопкерчиликтен качып жатат» деген жагдайга карата мага атайлап уюштурулган чагым боюнча мыйзамсыз коюлуп жаткан 313-берене (аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевге жана УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкери  Сагынбек Самидин уулуна бере турган төмөнкү суроолорум бар.

     1. «Оштуктарды кысыш керек» деген маанидеги эки адамдын телефон аркылуу сүйлөшкөн сөздөрүн кимдин уруксаты менен ким жаздырган?

     Себеби, бул сүйлөшүү интернетке чыга электе, тактап айтканда, 13.08.2019-жылы эртең мененки саат 11.00 чамасында аны мага Совет Скрябин көчөлөрүнүн кесилишиндеги УКМКнын бөлүмүндө иштеген кызматкерлер угузган. Бул кызматкерлер аталган аудио жазууну уюлдук телефонуна кайдан жаздырып алышкан?

    2. Мени эртеси 14.08.2019-ж. УКМКнын имаратына алып барып, ал жактан флешканы компьютерге сайып, аталган аудио жазууну дагы бир ирет угузуп, суракка алышкан. Жогорудагы аудио жазуу ал флешкада кайдан, кантип пайда болгон?

    3. Мени 14.08.2019-жылы УКМКда элден кечирим суратып видеого тартышкан. Менин ак кепка, жеңдүү тор көйнөк кийип видеого түшкөн кайрылуумду ким жана кандай негизде интернетке чыгарып, коомчулукка жарыялаган? Анткени мен 13.08.2019-ж. таңкы саат 6:00дөн тартып УКМКнын СИЗОсунда отурсам, менде элден кечирим сураган видео жазуу менен Аман аттуу адам менен сүйлөшкөн аудио жазууну интернетке таратып, коомчулукка жарыялоого мүмкүнчүлүк бар беле?

   4. Эмне үчүн ушул күнгө чейин аталган аудио жазуу менен видео жазууну интернетке чыгарып, коомчулукка жарыя кылган чыныгы чагымчылардын иш-аракети иликтенбей жана алар жоопко тартылбай жатат? Эмне үчүн мен башка бирөөлөр жасаган кылмыш үчүн жоопко тартылышым керек?

   Урматтуу калайык калк, эл журт!

   УКМКнын мени «жоопкерчиликтен качып жатат» деген билдирүүсү жалган. Тескерисинче, жоопкерчиликтен УКМКнын төрагасы Опумбаев Орозбек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкери Сагынбек Самидин уулу качып жатышат деп эсептейм.

   Менин жазган арызымды КРнын Аскер прокурору Нуркамал Набиев кызматка киришерде  эл үчүн иштеп берем деген антына жана кызмат жоопкерчилигине ылайык, тыкыр жана калыс иликтөө жүргүзүп, чагымчыларды мыйзам чегинде жоопко тартаарына жана бул мыйзамсыз ишке биротоло чекит коёруна ишенем.