19.03.2020 16:14

КСДП саясий партиясына көз арткан Сагынбек Абдрахманов Бишкек шаардык соттон дагы колдоо тапкан жок

КСДП саясий партиясына көз арткан Сагынбек Абдрахманов Бишкек шаардык соттон дагы колдоо тапкан жок

Бүгүн, 19-мартта Бишкек шаардык сот Сагынбек Абдрахмановдун Биринчи май райондук сотунун чечими боюнча жазган арызын канааттандырган жок.

Эске салсак, 24-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Сагынбек Абдрахмановдун Алмазбек Атамбаев жана Асель Кодурановага карата жазган арызын кароосуз калтырган.

Белгилей кетсек, Абдрахманов КСДП партиясынын 2019-жылдын 6-апрелинде өткөн 18-жыйынын жараксыз деп таап, 2019-жылдын 25-майында КСДПнын төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу кылып Кодуранова Асель Союзбековнаны дайындоо тууралуу чечимди жокко чыгарууну суранган.

Эске салсак, 2019-жылдын 6-июнунда Сагынбек Абдрахманов Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайрылып, Алмазбек Атамбаев жана Асель Кодуранованын үстүнөн арызданган. Ал партиянын кезектеги 18-жыйынын жараксыз деп табууну өтүнгөн.

Өткөн жылдын 6-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту арызды карап, өндүрүшкө алган.