12.08.2019 15:21

Кундуз Жолдубаеваны кайра суракка чакырышты

Кундуз Жолдубаеваны кайра суракка чакырышты

КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева 4-жолу сурак берүүгө чакырылды.

Буга чейин Жолдубаева 10-август күнү суракка кирип чыккан. Анын айтымында, тергөө учурунда ИИМ тергөөчүлөрү күч колдонуу менен уюлдук телефонун алып коюшкан.

Ал эми, жактоочусу Замир Жоошев Жолдубаева 13 сааттай тергөөдө болгонун, бул мыйзамга туура келбей турганын социалдык тармакка жазып чыкты. Анын айтымында, тамактанып алууга да мүмкүнчүлүк беришкен эмес.

Эскерте кетсек, буга чейин экс-президенттин тарапташтары- КСДП төрайымы, ЖК депутаты Асель Кодуранова, КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Ирина Карамушкина, саясатчы Равшан Жээнбеков, Алмазбек Атамбаевдин уулдары Сейитбек жана Сейтек Атамбаев, жээни Нурбек Шаршенов, жаш КСДПчылар Эрмек Окенов менен Темирлан Султанбековдор дагы суракка чакырылышкан.