13.04.2020 13:07

Министрдин орун басары: Дарыгерлерди мажбурлап кечирим сураткан - туура эмес

Министрдин орун басары: Дарыгерлерди мажбурлап кечирим сураткан - туура эмес

Саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү көтөрүп жаткан медицина кызматкерлерин кечирим суроого мажбурлоо – туура эмес. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев “поликлиника сапатсыз беткаптарды берип жатат” деп маселе көтөрүп, бирок көп өтпөй кечирим сураган жаш дарыгердин видеосуна комментарий берди.

«Биз координаторлор жана башчылар менен тыгыз иштешип, аларга медицина кызматкерлерине үстөмдүк көрсөтпөгүлө деп айтып жатабыз. Алар көйгөйдү көтөрүп жатышат. Бирок эртеси аларды телеберүү же социалдык тармак аркылуу кечирип сураганга мажбурлашы мүмкүн. Бул туура эмес. Биз тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», - дейт министрдин орун басары.

Эске салсак, мурдараак Ысык-Ата районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеген жаш дарыгер Бектур Апышев медицина кызматкерлерине кездемеден жасалган сапатсыз бет каптар берилип жатканын билдирген. Медик билдирүүсүнүн астына сүрөт жайгаштырган. Андан соң, таң эрте башкы дарыгер чакырганын билдирген, көп өтпөй Twitter баракчасын өчүрүп салган.

Ал ортодо социалдык тармактарда жаш жигиттин кыргызстандыктардан кечирим сурап, оорукана дарыгерлери зарыл каражаттар менен жетиштүү камсыз болгонун жана мурун айткандары жалган экенин билдирген видео пайда болгон.

Интернет колдонуучулары: күч органдары дарыгерге кысым көрсөтүп, кечирим суратышканын жазышууда. Алар кыргызстандыктарды дарыгерди колдоого арналган #БекТур флешмобуна катышууга чакырык ташташкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов акыркы күндөрү медицина кызматкерлерине көрсөтүлүп жаткан кысымга кабатырланып, атайын токтом долбоорун иштеп чыкты.

Токтомдун долбоору «Медицина кызматкерлерине басым жөнүндө» деп аталат. Парламентарийдин билдиргени боюнча, бул токтом коронавируска каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерин колдоо үчүн зарыл.

Бүгүн, 13-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталды. Алардын жалпы саны 419 кишиге жетти. Ичинен 79 учур медицина кызматкерлеринен аныкталган.

25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.