27.08.2018 09:00

Президент Коопсуздук Кеңешине Экотехинспекцияны текшерүүнү тапшырды

Президент Коопсуздук Кеңешине Экотехинспекцияны текшерүүнү тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамэкотехинспекциянын мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева айтып чыккан коррупциялык иштерди иликтеп чыгууну Коопсуздук кеңешине тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиевага таянып, super.kg жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, президенттин тапшырмасынын негизинде Коопсуздук кеңешинин кызматкерлери Анара Мамбеталиева менен жолугушкан.

«Кечээ Коопсуздук кеңешинин кызматкерлери президенттин тапшырмасынын негизинде Анара Мамбеталиева менен сүйлөшүү өткөрүштү. Ал айтып жаткан коррупцияга байланыштуу билдирүүдөн жыйынтык чыгаруу үчүн анын өзүнөн расмий арыз керек. Коопсуздук кеңеши мурдагы басма сөз катчыга расмий арыз менен кайрылууну сунуштап, материалдарды берүүнү айткан. Мамбеталиева келе жаткан жума расмий арыз жазууга жана коррупциялык иштер боюнча материалдарды берүүгө макулдугун билдирди», -деди Стамалиева.

Буга чейин Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева интернет аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган. Анда экотехинспекциядагы коррупциялык иштерге каршы күрөшөм деп атып, кызматынан берене менен кеткенин маалымдаган. Ошондой эле, «коррупцияга аралашкан» деп аталган мекеменин үч кызматкеринин атын атап өткөн.