06.08.2018 17:43

Сапар Исаков аны опузалоо фактысын териштирүү өтүнүчү менен башкы прокуратурага кайрылды

Сапар Исаков аны опузалоо фактысын териштирүү өтүнүчү менен башкы прокуратурага кайрылды

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков ага карата опузалоо фактысы болгонун тастыктап, бул боюнча териштирүү жүргүзүү өтүнүчү менен башкы прокуратурага кайрылды. Исаковдун кайрылуусун бүгүн, 6-августта КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева таратты.

Анда жазылгандай, 2018-жылдын 13-июлунда болжол менен саат 11:00  чамасында Сапар Исаков Тергөө изоляторунан УКМКнын тергөөчүсү Кубанычбек Сабыровдун иш бөлмөсүнө жиберилген.

«Мен кирген учурда тергөөчү чыгып кетип, өзүн Илим деп тааныштырган УКМКнын кызматкери жактоочум Нурбек Токтакуновдун кызматынан баш тартууну сунуштады. Болбосо, бир кезде  WikiLeaks сайтында жарыяланып, менин дагы атым аталган макала боюнча кылмыш ишин козгоорун айтты. Мен буга макул болбой,  жактоочум Нурбек Токтакуновго бул тууралуу коомчулукка билдирүүсүн өтүнгөм»,- деп айтылат Сапар Исаковдун башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун атына жазган кайрылуусунда.

16-июлда жактоочу Токтакунов Фейсбуктагы өз баракчасында бул тууралуу жазып чыккан.  Буга жооп кылып, УКМКнын маалымат кызматы «Токтакуновдун акыркы билдирүүсү - карандай калп. Канчалык апыртылып айтылса, ошончолук элдер ишенип алышат эмеспи. Жактоочунун билдирүүсүн - кезектеги өзүн-өзү жарнамалоо катары бааласа болот», – деп билдирген. 

«Жактоочум коомчулукка менин айткандарымды гана жеткиргенин айтат элем. Айыпталуучуну опузалап жактоочусунан баш тартууга мажбурлоо - бул кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу( 305-берене) жана жактоочунун ишмердигине бут тосуу (318-берене). Башкы прокуратуранын ишмердүүлүгүнүн башкы багыттарынын бири - органдардын жана тергөөнүн мыйзамдарды сакташына  көзөмөл кылуу. Андыктан, жогоруда айтылгандардын негизинде опузалоо фактысы боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү таап, жоопко тартууну суранам», -дейт мурунку премьер-министр.