14.11.2019 11:13

Сеид Атамбаев жалган маалымат таратканы үчүн Башкы прокуратураны сотко берди

Сеид Атамбаев жалган маалымат таратканы үчүн Башкы прокуратураны сотко берди

«Автомаш-Энерго» компаниясынын жетекчиси Сеид Атамбаев Башкы прокуратураны сотко берди. Бул туурасында КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

«Сеид Атамбаев өз компаниясынын кадыр-баркын, ишкердик беделин коргоо максатында Башкы прокуратуранын үстүнөн сотко арызданды. Буга 2019-жылдын 1-ноябрында Башкы прокуратура тараткан маалымат себеп болгон. Ал маалыматта жалган жалаа, кемсинтүүлөр орун алган», -деп жазат Султанбеков. 

Эскерте кетсек, Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү 31-октябрда мурунку президенттин уулу Сеид Атамбаевге таандык «Автомаш-Энерго» компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүшкөн. Алар финансылык документтерди алып кетишкен. Сеид Атамбаев компаниясын рейдерлик басып алуу аракеттери жүрүп жатканын маалымдап, бизнес-омбудсменге кайрылуу жолдогон. Кийин интернет колдонуучулар «Автомаш-Энергого»  келген тергөөчүлөр жасалма номер тагылган унаа менен жүрүшкөнүн айтып чыгышкан. Бирок буга Аскер прокуратурасы тараптан жооп болгон эмес.

1-ноябрда Башкы прокуратура бул тинтүү тууралуу түшүндүрмө берип, Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштеринин алкагында Мамлекеттик салык кызматы «Автомаш-Энерго» ЖЧКсында текшерүү өткөрүүгө тийиш экенин, бирок компания жетекчилиги буга  бут тосуп жатканын билдирген. Компаниянын юристи Сания Эшкинина  Башкы прокуратура тараткан маалымат чындыкка дал келбей турганын, «Автомаш-Энерго» салыктык документтерин көрсөтүүдөн качпаганын айткан. Кийин компания жалган маалымат таратканы үчүн Башкы прокуратураны сотко берүүгө ниеттенип жатканы белгилүү болгон. Бирок материал топтоодо айрым көйгөйлөргө кабылышкан. Жеке нотариустар Атамбаевдин аты менен байланышкан маалыматты тастыктап берүүдөн баш тартышкан.  Муну Атамбаевге байланышкан ар бир материал үчүн сотко жана суракка чакырып жатышканы менен түшүндүрүшкөн.