15.08.2018 13:51

Сооронбай Жээнбеков Италия президенти Серджо Маттареллага көңүл айтты

Сооронбай Жээнбеков Италия президенти Серджо Маттареллага көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Италия Республикасынын Президенти Серджо Маттареллага Италиянын Лигурия аймагындагы Моранди көпүрөсүндө болуп өткөн каргашалуу кырсыктын кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Өлкө башчынын көңүл айтуу телеграммасынын текстин президенттин маалымат кызматы таратты. 

Анда: «Италиянын Лигурия аймагындагы Моранди көпүрөсүндө болуп өткөн каргашалуу кырсыктан улам көп сандагы адамдар каза болуп жана жабыркагандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан кайтыш болгондордун жакындарына жана үй-бүлөлөрүнө көңүл айтуу менен, жабыр тарткандарга тез арада сакайып кетүүлөрүн каалайм», — деп жазылат. 

Кечээ, 14-августта эртең менен Италиянын Генуя шаарына жакын аймакта автоунаалар өтүүчү көпүрөнүн  100 метрдей бөлүгү урап түшкөн. Курман болгон адамдардын саны улам өсүүдө.