06.06.2019 18:17

Юстиция министрлиги маалымат базасында КСДП лидеринин аты-жөнүн алмаштырган жок. Мөөнөт өттү

Юстиция министрлиги маалымат базасында КСДП лидеринин аты-жөнүн алмаштырган жок. Мөөнөт өттү

Юстиция министрлиги өзүнүн электрондук маалымат базасында КСДПнын жетекчисинин аты-жөнүн өзгөрткөн жок. Ал жерде дагы деле «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахмановдун аты чыгууда. 

Эскерте кетсек, 18-апрелде Юстиция министрлиги маалымат базасындагы «Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын» документине өзгөртүүлөрдү киргизип, Алмазбек Атамбаевдин аты жазылган жерге КСДПга эч тиешеси жок Сагынбек Абдрахмановдун атын жазган жана бул кадамын мыйзамдуу деп атаган.

«Бизге «Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын» жетекчилиги, саясий кеңешинин курамы жана партиянын жайгашкан жери өзгөргөнү тууралуу Сагынбек Абдрахмановдун колу коюлган кабардама келип түштү. Бул учурда документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы жана ишенимдүүлүгү үчүн юридикалык жоопкерчилик арыз ээсинде болот. Биз болгону кабардаманы алып, 7 жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик реестрге тиешелүү маалыматтарды киргизебиз  жана бул жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга кабарлайбыз».

Юстиция министрлиги.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Юстиция министрлигинин жетекчилерин мындай иш-аракети үчүн жоопко тартууну талап кылып башкы прокурорго кайрылуу жолдогон. 7-майда Башкы прокуратура доо арызды каттоого алып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

25-май күнү партия лидери Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери» жөнүндөгү мыйзамдын күчүнө киргенине байланыштуу КСДПнын төрагалыгынан жана партия мүчөлүгүнөн убактылуу кеткен. Анын ордуна Саясий кеңеш Асел Кодуранованы бекиткен.

28-майда партия өкүлдөрү Юстиция министрлигине партиянын төрагасынын милдетин аткаруучу катары Асель Кодуранованы каттоо арызы менен кайрылышкан. Документтер министр Марат Жаманкуловдун өз колуна тапшырылып, ал жактан арызды 7 жумушчу күндүн ичинде карап чыгып, маалымат базасына өзгөртүү киргизүүнү убадалашкан. 

Учурда Юстиция министрлигинин маалымат базадагы партия жетекчисин алмаштырууга керектелүүчү 7 күндүк мөөнөтү аяктады. April.kg мекемеге комментарий алуу үчүн кайрылды. Бирок министрликтин басма сөз кызматы маалыматты кечирээк берүүнү убадалап, аягында телефонун албай койду.