07.06.2018 20:57

ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаев тергөө бүткүчө камакта калат

ЖК депутаты  Осмонбек Артыкбаев тергөө бүткүчө камакта калат

Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту  Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин баш коргоо чарасын аныктады. Ага ылайык, Артыкбаев тергөө аяктагыча камакта калмай болду. Бул туурасында Улуттук коопсуздук кызматынан кабарлашты. 

Эскерте кетсек, 5-июнда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (Коррупция) менен кылмыш ишин козгогон.

УКМК  тараткан маалыматта «Мурунку энергетика министри орун басарлары менен бирге TBEA компаниясы менен келишим түзүүгө ашыккан. Компаниядан техникалык документтерди талап кылган эмес. Натыйжада келишимге кол коюлуп, анын шарттары боюнча “Электр станциялары” ишканасы курулуштун жүрүшүнө кеткен чыгымды көзөмөлдөө жана кийлигишүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Мындан улам, аткарылган иштин чыныгы суммасын аныктоого мүмкүн болбой, мамлекетке 20 млн доллар чыгым келтирилген» , -деп айтылган. 

6-июнда Осмонбек Артыкбаев  Р Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) боюнча каралган кылмышка шектүү адам катары КР МУКК Убактылуу кармоочу жайынын Тергөө камак жайына киргизилген.

Аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштерин жүргүзүү үчүн иш УКМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилгени айтылган.

Бүгүн, 2018-жылдын 7-июнунда КР МУКК тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.Артыкбаевге “Бишкек ЖЭБин жаңылоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмүндө (Коррупция) каралган кылмыш белгилери боюнча айыбы тагылып, Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечими менен КР МУКК убактылуу кармоочу жайына тергөө аягына чейин кармоо жөнүндө баш коргоо чарасы каралды.