05.07.2019 15:28

КСДПнын Абдрахмановго катталышы. Башкы прокуратура Юстиция министрлиги мыйзам бузганын аныктады

КСДПнын Абдрахмановго катталышы. Башкы прокуратура Юстиция министрлиги мыйзам бузганын аныктады

Башкы прокуратура Юстиция министрлиги юридикалык жактардын электрондук маалымат базасына өзгөртүү киргизүүдө мыйзам бузганын аныктады. Бул туурасында КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Эскерте кетсек, 18-апрелде Юстиция министрлиги юридикалык жактардын электрондук маалымат базасындагы «Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын» документине өзгөртүүлөрдү киргизип, Алмазбек Атамбаевдин аты жазылган жерге КСДПга эч тиешеси жок, бирок акыркы кезде экс-президенттен партияны талашып жүргөн Сагынбек Абдрахмановду жазып койгон

Буга нааразы болгон ксдпчылар Юстиция министрлигинин жетекчилерин жоопко тартууну талап кылып башкы прокурорго кайрылуу  жолдошкон. 7-майда Башкы прокуратура доо арызды каттоого алып, сотко чейинки өндүрүш  башталган.

25-май күнү партия лидери Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгынан жана партия мүчөлүгүнөн убактылуу кетип, ордуна Асель Кодуранова келген.

28-майда партия өкүлдөрү Юстиция министрлигине бирдиктүү реестрге партиянын төрагасынын милдетин аткаруучу катары Асель Кодуранованы каттоо арызы менен кайрылышкан. Бирок, 7 жумушчу күндөн кийин министрлик КСДП жетекчиси катары Асель Кодуранованы жазуудан баш тарткан. Мындан кийин Асель Кодуранова Юстиция министрлигинин иш-аракетинин мыйзамдуулугун текшерүү талабы менен Башкы прокуратурага кайрылган.  

Башкы көзөмөлдөөчү органдын расмий жообу бүгүн, 5-июлда келди. Анда:

«2019-жылдын 24-июнунда жүргузүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен Юстиция министрлигине мыйзам бузууларды жоюу жана КР мыйзамында бекитилген кабардамаларды карап чыгуунун мөөнөтүн бузганы үчүн министрликтин өкүлдөрүн дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу көрсөтмөсү берилди», -деп жазылган.